Өлкөдө өз билемдик менен иш жүргүзүп келген 28 мал союучу жай жабылды

Ветеринардык кызмат тарабынан 100 мал союучу жай катталып, анын 28и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, өз билемдик менен иш жүргүзүп келгени аныкталган.

Тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Related posts

Акылбек Жапаров: Кумтөрдүн алтыны  100% Кыргызстан үчүн иштеп жатат 

admin

КР УКМК: «Асман Көзөмөлү – 2025» Антитеррордук машыгуусу боюнча

admin

20-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий