Өзбекстандын ардак кароолунда кыз-келиндер да кызмат өтөшөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин кызы, президенттин жардамчысы Саида Мирзийоева соцтармактагы баракчасына ардак кароолдо турган кыз-келиндердин сүрөтүн бөлүштү.

«Эркектин кесиби катары калыптанып калган профессияны биздин кыздар өздөштүрүп алганын көргөн сайын сыймыктанам. Бул албетте, теңсиздик жана стереотиптерге каршы сиздер менен болгон биздин аракеттин жыйынтыгы. Куралдуу күчтөрдүн катарында кыздардын кызмат өтөөсү буга айкын мисал. Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине келген конокторду бүгүн арасында кыздар да турган ардактуу кароол тосуп алды», — деп жазды ал.

Related posts

Милиция кыз ала качуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти

admin

Кайрат Иманалиев: УТРК Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатын үзбөй көрсөтөт

admin

Байма Сутенова: Болотбек Тиллебаев жок болуп кеткен жаштар көрсөтүүлөрүн Улуттук каналга кайрып алып келип жатат

admin

Комментарий