Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасына келди. Аны “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

 

Related posts

«5 тонна алтынды сатып». Балбак Түлөбаев монорельс курууну дагы сунуштады

admin

Коргоо министрлиги: «Атамбаевдин, Ташиевдин балдары армияда кызмат өтөшкөн» 

admin

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий