Өзгөндө эркек кишинин бычылганы айтылды. Милиция окуя боюнча маалымат берди

Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндө эркек кишинин бычылганын жазып чыгышкан. Oкуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында милицияга аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган. Окуя болгон жерге  ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөндөгүлөрдү аныктаган.

13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну 44 жаштагы жаранды чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада жаранга бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөрү жетип, жабырлануучуга Тез жардам кызматын чакырып, биринчи медициналык тез жардамын көрсөтүшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (ден-соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган кылмышка шектүү катары  Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды.

Related posts

Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздү

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды.

admin

Бишкекте жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлаган шектүүлөр кармалды

admin

Комментарий