Өзүнчө күзөт жана камсыздоо батальонунун жаш жоокерлери ант беришти

Бүгүн, 2024-жылдын 13-ноябрында КР УКМКнын 64479 аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи болуп өттү.
Тактап айтканда, “Күз-2024” анык мөөнөттүү аскердик кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик антын берип жана “Күз-2023” чакырылышына келген жогорку билими бар жоокерлер Коргоо Министрилигинде запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу жыйынын өтүп офицердик курамынын “лейтенант” биринчи аскердик наамын алышты.
Аталган иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев, 64479 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, УКМКнын ардагерлери жана ата-энелер катышты.


Генерал-полковник Камчыбек Ташиев өз сөзүндө, сапта турган жаш жоокерлер мекенге кызмат өтөөгө ант берүү менен бирге мындан ары аскердик милдеттерди татыктуу, жогорку кайраттуулук менен аткарууга, Кыргызстандын эркиндигин, көз карандысыздыгын, конституциялык түзүлүшүн коргоого эл алдында, мекен алдында чоң жоопкерчилик алып жаткандыгын белгиледи.


Мындан улам жоокерлерди ыйык антка кайсыл жерде болбосун ар дайым бекем болууга чакырды.
Ошондой эле төрага “лейтенант” аскердик наамын алган жоокерлерди да куттуктап өттү.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров менен УКМК жетекчилиги тарабынан Куралдуу күчтөргө, укук коргоо органдарына өлкө коопсуздугун, бүтүндүгүн, анын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жана аскердик дараметин жогорулатуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында тийиштүү чаралар көрүлүп, заманбап шарттар түзүлүп жаткандыгы айтылды.


Алсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы ачылган УКМКнын генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Академиясына токтолуп, анда мекенге кызмат кылууну каалаган патриот жаштарга кайрылып, кимде-ким аталган окуу жайда билим алгысы келсе, алар үчүн керектүү заманбап шарттардын баары түзүлгөндүгүн белгиледи.


Өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) окуу жайларында билим алып келишсе, мындан ары бул багыттагы адистер Кыргызстандын өзүнөн даярдалып чыгаары айтылды. Бул үчүн жаш адистерге окуу жана машыгуулар өтүүчү заманбап корпустар, жатакана, китепкана, жада калса мечитке чейин курулуп берилгендиги кошумчаланды.


Андыктан генерал-полковник Камчыбек Ташиев жалпы ата-энелерге, жаш жоокерлерге, иш-чаранын катышуучуларына А.Бакаев атындагы Академия менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн берип, анда каалоочулар үчүн атайын экскурсия уюштурулду.

Related posts

7-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты

admin

Кадамжайдагы Лениндин эстелиги алынды (сүрөт)

admin

Комментарий