Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди 

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалык суу чыгаруучу скважиналар шаардагы Токтогул, Жеңиш эс алуу парктарына жана Балтагулов көчөсүнө курулуп, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен белгилешкендей, скважиналар аркылуу Токтогул, Жеңиш сейил бактарындагы, Токтогул аллеясындагы, Ленин, Кыргыз Республикасы, Шопоков, Осмонов көчөлөрүндөгү бак-дарактар, гүлдөр суу менен камсыз болуп, арыктар аркылуу сугарыла баштады.

Жогорудагы үч скважина Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке киргизилди. Алдыда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен дагы 5 скважина курулмакчы.

Белгилей кетсек, ушул мезгилге чейин шаардагы дээрлик бардык бак-дарактар жана гүлдөр ичүүчү суу менен атайын унаалардын жана суу түтүктөрдүн жардамында сугарылып келген.

Related posts

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

admin

What You May Have Missed at the Alley 33 Fashion Event

admin

Садыр Жапаров Дмитрий Биволго кымбат баалуу унаа тартуулады

admin

Комментарий