Үй, автоунаа менен соодалашууну накталай эмес, сом менен гана жүргүзүү сунушталды

 Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен соодалашуу улуттук валютада жана накталай эмес гана жүргүзүлөт. Экономика жана коммерция министрлиги тиешелүү өзгөртүүлөрдү демилгелеп коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

«Өлкө аймагында мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада накталай эмес гана жүзөгө ашырылат», — деп жазылган документте.

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдө улуттук валютаны төлөм каражаты катары кабыл алуудан баш тарткан жана башка валютада соода жүргүзгөн жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 000 сом айып салуу каралган.

Related posts

Садыр Жапаров маморгандарды ата мекендик товарларды сатып алууга чакырды 

admin

Акыйкатчыysy ишмердүүлүгүнө нааразы адамдар саны арбыды

admin

Кыргызстанга Катардын эмири келди

admin

Комментарий