Үрүмчү — Ош жана Кашкар — Ош аба каттамдарын ачуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен Үрүмчүдө жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптар 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 миллиард долларга жеткирүүнү талкуулашкан. Ошондой эле «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктун жана Барскоон — Бедел — Үчтурпан — Аксу унаа жолун курууну тездетүү, «Торугарт» менен «Эркеч-Там» пунктуларын модернизациялоо маселеси каралды.

«Үрүмчү – Ош жана Кашкар – Ош жаңы аба каттамдарын ачуу боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү талкууланды. Тараптар кошумча авиакаттамдардын ачылышы соода-экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык кызматташуунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

КР УКМК: Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды

admin

Сокулукта дүкөндөн сейф уурдалган. Ири суммадагы акча уурдоого шектүүлөр кармалышты

admin

Ош шаарында 18 жерде көмүр сатылып жатат (дареги)

admin

Комментарий