Өзбекстанда мугалимдин 1-класстын окуучусун сабап жаткандагы видео тарады

Интернетке Өзбекстандагы мектептердин биринде мугалим 1-класстагы окуучуну сабап жаткан видео тарады.

Хорезм облусунун мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя Ханкинский районундагы №36 мектепте болгон. Бөлүм териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди. Министрлик Gazeta.uz сайтына 1-класстын окуучусун уруп-сабоо окуясы 23-февралда болгонун тактады.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы бул факты боюнча ички иштер органдары тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын, облустук прокуратура кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирди. Жабырлануучунун алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза да дайындалды.

https://t.me/centralasiamedia/5533

Related posts

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

Жаан жаап карга айланат. 16-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

admin

Парламент Кемпир-Абадды кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруусун колдоду

admin

Комментарий