Өзгөндүн борбордук базарынан өрт чыкты

Кечээ, 3-ноябрда Ош облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан борбордук базарынан чыккан өрт саат 22:15те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрт 21:35те чектөөгө алынган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 200 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарында жайгашкан борбордук базардын аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Related posts

Ташиев: «2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. 2024-жылы аларды тыптыйпыл жок кылабыз»

admin

28-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Президент Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

admin

Комментарий