Шашылыш билдирүү. 5-ноябрдан тарта күн кескин сууктайт

5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, 6-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан катуу жаашы күтүлөт. 7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүйдө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° …+4°, Таласта түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3°…+2°ка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°, Нарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° …+4° болот.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Related posts

УКМК Өзгөн райондук сотунда коррупциялык схеманы аныктады

admin

Бишкектеги стадиондун нааразычылык жараткан отургучтары жаңыланып жатат

admin

Камчы Көлбаевдин жакын адамы болгон Таалайбек Рысалиев кармалды

admin

Комментарий