Өзгөндө 1 гектардан ашык жер мэриянын балансына кайтарылды

Жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн аныктады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри С.А.С. тарабынан мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголду. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө Ош облустук соту 1,08 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарды.

Учурда аталган жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.

Related posts

Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздү

admin

Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди 

admin

24-25-сентябрда күчтүү магниттик бороон болушу күтүлүүдө

admin

Комментарий