Өзгөндө 200 миң сом пара алып жаткан жеринен салыкчы кармалды. Акча анын чөнтөгүнөн табылган

Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын аныкташты. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алынган маалыматка ылайык, мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылган. Салык кызматынын кызматкери пара катары 200 миң сом акча талап кылган.

Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, 20-декабрда 200 миң сом суммасындагы акча каражатын алып жатканда Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акчалар табылган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Баткендеги «Халмион» базарынан өрт чыкты

admin

14-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий