Жарылбай калган снаряддар жатат: Камчыбек Ташиев Самаркандек айылына келди

Бүгүн, 15-сентябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ ок атышуу болгон Баткен районунун Самаркандек айылына келди. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди. Маалым болгондой, ал жергиликтүү тургундун үйүнө түшкөн снарядды көрдү. Үйгө 2 снаряд түшкөн. Бири өрүккө тийип, анын бутагын сындырса, экинчи үйдүн түбүнө түшүп, жарылбай калган.

Булак: Turmush

Related posts

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт 

admin

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Казакстанда автобуста 25 адамды сактап калган окуучу медаль менен сыйланды

admin

Комментарий