Оштон Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

Ош шаарынан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан кабарлашты.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Ош шаарынан биринчи каттамды кабыл алды. Аны менен Оштон 100 жүргүнчү учту, 96 жүргүнчү Ошко барды.

«Тез жет» авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча каттамдарды жумасына 6 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) учурууну пландаштырууда.

Авиакаттамдар сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Related posts

«Кумтөрдүн» адистери Тоголок алтын кенине жана Жангарт аянтына барып келишти – ФОТО

admin

«Акчаңызды 2 эсе көбөйтүп беребиз» дегендердин башчылары кармалды

admin

АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп Майк Жонсон шайланды

admin

Комментарий