Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жерде жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу премьер-министр Абдулла Арипов 14-ноябрда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чек ара аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоодон кийин чек арадан 50 метр алыстыкта ​​коргоо тилкеси жана эки катар тосмолор түзүлөт, ошондой эле «коргоо жана эксплуатацияга» байланыштуу башка талаптар аткарылат.

«Албетте, айрым жерлерден элди көчүрүүгө аргасыз болобуз. Биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча 130 үй-бүлөнү көчүрүү пландалууда. Компенсация үчүн болжол менен 50 миллиард сум (4,5 миллион долларга жакын, ар бир үй-бүлөгө орточо 384,6 миллион сум) талап кылынат. Бул болжолдуу сумма», — деди ал.

Related posts

КР УКМК: Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадилаевдин операциясына 42 миң доллар берди 

admin

ЖК аппарат жетекчисинин орун басары болуп Алайбек Алымбаев дайындалды

admin

Комментарий