Сабырбек Жумабеков Россияда беделдүү сыйлыкка татыды

Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын травматолог-ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык травматологдордун XI бүткүл россиялык Приоров форумунда тапшырылган. Академик Жумабеков Россиянын Травматолог-ортопеддер ассоциациясынын эң жогорку сыйлыгы — Николай Приоровдун алтын медалы менен сыйланды.

Ал иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн чакырылып, Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп атайын эндопротез орноткону тууралуу доклад жасаган. Сыйлыкты тапшыруу чечими 26-ноябрда кабыл алынган.

Related posts

Ташиев депутаттарга: «Жамгырчиев качып жүрөт, айтып койгула, бүгүн эле келсин»

admin

 20-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Райымбек Матраимов УКМКга жеткирилди

admin

Комментарий