Өзбекстанда дарыдан 19 баланын каза болушу. Мирзиёев аткаминерди иштен алды 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев КРВИге каршы дары каражатынан 19 баланын каза болгондугуна байланыштуу Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчиси Сардор Кариевди кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Шерзод Асадов Телеграмм-каналына жазып, Мирзиёев бул кырдаалды катуу сынга алганын белгиледи.

Самарканд менен Кашкар-Дарыядагы балдардын өлүмү бул аймактарда көзөмөлдүн жоктугун көрсөттү. Мен фармацевтикалык агенттиктин башчысы Кариевди кызматтан алдым. Буга күнөөлүүлөрдүн баары мыйзам алдында жооп берет», — деген президент.

Related posts

Келлог: Киевдин РФ аэродромдоруна жасаган чабуулу кырдаалды курчутат

admin

Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт 

admin

Комментарий