Өзгөндө 24 жаштагы келинди балталап салган. Кошунасы кармалды

Социалдык тармактын колдонуучусу Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жылалды айылында 4 балалуу келин балталанып каза болгону тууралуу маалымат жазды. Андагы маалыматка караганда, кылмышка шектүү анын коңшусу. Кылмыш боюнча Ош облустук милициясы маалымат берди.

«4-октябрь күнү милицияга Ѳзгѳн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну 1996-жылы туулган келинди өзү жашаган үйдүн короосунда кошунасы балта менен чаап ѳлтүрүп койгондугу кабарланган.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынып, тергөө аракеттери уланган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Ѳзгѳн районунун 2000-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуя боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — дешти облустук милициядан.

Related posts

Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды

admin

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Прокурор шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну сурады

admin

Кыргызстанга «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттары келди

admin

Комментарий