Өзгөндө сел жүрүп, Кара-Шорого барган 100 эс алуучу эвакуацияланды

22-июнь күнү саат 19:00 чамасында Мырза-Аке — Кара-Шоро жолунун 47-50-чакырымында жолдун тескей тарабынан кыян түшүп, натыйжасында жол каттамы жабылган.

Учурда Өзгөн райондук Жарандык коргонуу башчысынын штабы түзүлүп, тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Жерине атайын техника, ЖК кызматтарынан коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык кызмат, жол тейлөо кызматы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы иш алып барууда. Жол тейлөө кызматы тарабынан атайын транспорт уюштурулуп, “Кара-Шоро» улуттук паркына эс алууга барып өтө албай калган 100 адам коопсуз жайга эвакуациялынды.

Related posts

Унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алгандарга 15 миң сом айып пул салынды

admin

Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

admin

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

admin

Комментарий