Баткенде 17,5 тонна күрүчтү аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенишкен 

Баткенде 17,5 тонна күрүчтү аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенишкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Раззаков – Баткен – Ош унаа жолунда А.А.Ж аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Volvo FH13.460 үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Текшерүү учурунда унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн 700 кап күрүч табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери болгон эмес.

Кармалган жүктүн жалпы салмагы 17 тонна 500 кг, орточо базар баасы 2 млн 625 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар териштирүү иштеринин алкагында Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

 

Related posts

Сейсмология институту жер титирөө боюнча так маалымат берди

admin

Кыргызстан менен Таиланддын беттеши. «Оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок» дейт Таркович

admin

Жогорку Кеңеште «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүгө багытталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

admin

Комментарий