Ошто 5 жашар кыздын бетине сайылып калган кайчыны дарыгерлер алып чыгышты 

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында беш жашар кыздын бетине сайылып калган кайчыны дарыгерлер алып чыгышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары А.К. аттуу беш жашар кызын алып келишкен. Бейтап чукул түрдө кулак-тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, операциялык жардам көрсөтүлгөн.

“Кичинекей кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып, колундагы кайчы оң жак жүзүнө сайылып, 6-7 сантиметрге кирип кеткен. Кайчы оң жак гайморит көңдөйчөсүн тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон. Ал жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө.

Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы Үмүтбек Пазылов жасаган.

Related posts

14-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ташиев УКМК Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

admin

Мидин уулу Канатбек Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директорунун орун басары болду

admin

Комментарий