1-класска электрондук каттоонун 2-этабы башталды. Бишкекте кайсы мектепте орун калган жок?

Билим берүү жана илим министрлиги 3-июнда балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун II этабы башталганын маалымдайт. II этаптын биринчи күнү саат 12:30га карата 9 миң 628 бала катталды. 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

7. №62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

8. №37 мектеп-гимназия.

9. Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия.

10. Низами Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби.

11. Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия.

12. Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси.

13. №33 мектеп-гимназия.

14. Райкан Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

15. №100 жалпы орто билим берүү мектеби.

II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

Related posts

“Ала-Арча” жаратылыш паркындагы 24 даана А-фрейм глэмпинг колдонууга берилди

admin

«Колун кесип, жанын алып калгыла деп жаттым» дейт ооруканага колу сынып барып каза болгон бейтаптын жубайы

admin

Президенттин катышуусунда ачылган бала бакча жана мектептердин тизмеси

admin

Комментарий