10 миллион сом кредит алып, төлөбөй койгон. Жасалма документ бергендер камалды

Кара-Суу районунунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери жана эки жаран бир катар документтерди бурмалап, 3 банкка ондон ашуун жасалма маалыматтарды беришкен. Ырастоочу документтер менен банктардан 10 миллион сомдон ашык суммада кредит алынган. Кредиттер төлөнбөй калган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«2018-2023 жылдар аралыгында шектүүлөр турак жайга ээлик укугун тастыктаган бир катар документтерди бурмалашкан. Ошол эле учурда, Кадастр мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери тарабынан ырастоочу документтер берилген. Чындыгында жер тилкелеринде жашоого жарактуу эч кандай турак жайлар, курулуштар болгон эмес» — деп жазылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин документтердин жасалмасын жасоо жана алдамчылык беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Related posts

Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

admin

Арзыбек Кожошев автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

admin

24-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий