Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, каза болду

Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, 9 күндөн кийин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-февралда Барскоон айылындагы мектепте болгон.

«17 жаштагы кызды спорт залдан дене тарбия мугалими тапкан. Тез жардам чакырылып, окуучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, кийин Бишкектеги ооруканага которулган. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголгону маалым болду

Related posts

Бишкекте бирөөнүн 25 миң доллар турган унаасын алып, сатып жиберген шектүү кармалды

admin

Эртең Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

admin

Бишкекте 7 жаштагы баланы урган жаран кармалды

admin

Комментарий