10 жыл мурда Кыргызстандан Түркияга барган Анастасия Метин айыл башчы болуп шайланды

Мындан 10 жыл мурун Кыргызстандан Түркияга барган Анастасия Метин жергиликтүү шайлоодо жеңишке жетип, Сивас провинциясынын Каракузулу айылынын башчысы (мухтары) болгонун ТРТ билдирди.

31-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Айыл башчылыгына 3 талапкер ат салышып, Анастасия 11 добуш алса, калганы 7 жана 3төн добуш алган. Айылда болгону 15 үй бар.

Анастасиянын жолдошу Дервиш Метин чет элдик компанияда иштегенин, ошол жерден болочок жубайы менен таанышканын айтты. Ал Анастасияны Түркияга жашоого чакырган. Метин билими боюнча ветеринар.

Related posts

Курманкул Зулушев Көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

admin

Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

admin

2-октябрга карата аба ырайы

admin

Комментарий