12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде жана Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус болот.

Related posts

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду

admin

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия утту

admin

Президенттин иш башкаруучусу Баткендеги курулуш боюнча иликтөөгө комментарий берди

admin

Комментарий