Кыргызстанда коронавирустун дагы 85 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 85 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 28 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 57 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган.

Катталгандардын ичинен 18и вакцинанын экинчи дозасын алган.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 73, ооруканада 12 адам дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учур катталган.

Related posts

Аялдар октябрь ичинде айрым ооруларга акысыз текшериле алышат

admin

19-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жалал-Абадда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

Комментарий