13-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +2…+4 градус.

Related posts

УКМК тарабынан кармалган жеке ишкер Олег Подобедов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

admin

Алмазбек Атамбаевдин кезектеги калпыс кайрылуусу

admin

Комментарий