13-ноябрь күнү Кыргызстанда жаан, кар жана туман күтүлүүдө — аба ырайынын болжолу

13-ноябрда түнкүсүн Чүй жана Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жана кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо кар жаачы. Күндүз болсо көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоолуу аймактарда кар жаай берет. Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чаачын катуу жаашы мүмкүн. Ошондой эле, айрым жерлерде туман пайда болот. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдордун тоңуп калуусу күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө:
    Түнкүсүн: -1…+4°C
    Күндүз: +1…+6°CТалас өрөөнүндө:
    Түнкүсүн: -3…+2°C
    Күндүз: 0…+5°CБаткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында:
    Түнкүсүн: +1…+6°C
    Күндүз: +5…+10°CЫсык-Көл облусунда:
    Түнкүсүн: -3…+2°C
    Күндүз: +4…+9°CНарын облусунда:
    Түнкүсүн: 0…-5°C
    Күндүз: +4…+9°C
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн 1…3°C, күндүз 2…4°C жылуу болот.

    Related posts

    Садыр Жапаров: Чек араны бүгүн чечпесек, кийин оор болот

    admin

    Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын директорлук кызматынан кетти

    admin

    Босогодо кыш. Кыргызстанда келээрки аптага карата аба-ырайы

    admin

    Комментарий