Алтынай Нарбаева бийликке кайрылып, үч эм төрөгөн коңшусунун социалдык абалына көңүл бурду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынай Нарбаева социалдык тармактагы баракчасында, 15-мартта үч эм төрөгөн коңшусунун турмушун айтып, бийликке жардам сурап кайрылды.

«Менин коңшумдарым өтө момун жана аракетчил адамдар. Үч эм төрөгөн учурда аларды бардык коомчулук кубанган. Бул үй-бүлөдө алты бала бар. Атасы Чыңгыз курулуш тармагында иштейт, бирок иштин үзгүлтүккө учрашы жашоого таасирин тийгизүүдө. Өкмөткө кайрылганыбыз менен, алты баласы менен үйдө болууга аргасыз болгон апасы жана жумушта жүргөн атасынын жардамы жок калган. Жөлөк пул да ала алышпайт. Алар бир бөлмөлүү батирде жашашат», — деп жазды ырчы айым.

Related posts

Дем алыш күндөрү өлкөнүн төрт облусунда күн сууктап, үшүк жүрөт

admin

Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” маселесин талкуулоо үчүн Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда 

admin

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды 

admin

Комментарий