138 миң доллар турган BMW X-5, Lexus RX 450 унаалар боюнча алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

30-майда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына жаран К.Д., М.Ш. жана А.А. аттуу жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүү арызы менен кайрылган.

Анда шектүүлөр март айында бөлүп төлөө жолу менен сатып алам деп ишеничине киришип, 2015-жылы чыгарылган BMW X-5, 2018-жылы чыгарылган BMW X-5 жана 2023-жылы чыгарылган Lexus RX 450 маркасындагы кымбат баалуу автоунааларды ээлеп алышкан. Андан соң, үчүнчү жакка кайра сатып, андан түшкөн 138 миң долларды түзгөн акча каражаттарын жеке муктаждыгына жумшап, байланышка чыкпай, изин жашырып кетишкен. Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык, кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш чараларынын жыйынтыгында, Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Д.К., 2005-жылы туулган М.Ш., 2004-жылы туулган А.А. аттуу шектүүлөр кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди жана Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда, алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Шектүүлөр тараптан келтирилген зыян 103 миллиондон ашык сумманы түзгөн.

Related posts

Садыр Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул тарыхый окуя

admin

Жыйында сүйлөй албай калган Сеид Атамбаев азыркы абалы тууралуу айтты

admin

Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты 

admin

Комментарий