КР УКМК: Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик менчиктин социалдык инфраструктурасынын мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын (рабочий городок) дарегинде жайгашкан 0.29 га аянты менен бала бакчанын имараты мамлекеттик ишкананын балансынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги аныкталган. Тергөө көрсөткөндөй, аталган социалдык багыттагы мүлк мурда «Кыргыз Темир» АКнын балансында болуп, 1990-жылы менчиктештирилгенден кийин мамлекеттик ишкананын балансынан башка объектилер менен бирге «Мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын” шарттарын бузуу менен Б.Г.Ш. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилген. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптары сакталган эмес, ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелерин массалык түрдө жабууга жана сатууга жол бербөө максатында социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар менен мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бала бакчанын имаратынын ээси бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, болжолдуу наркы 366 185 000 (үч жүз алтымыш алты миллион жүз сексен беш миң) сом болгон жанаша аймагы бар жогоруда белгиленген имаратты өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди. КР УКМК тарабынан мамлекеттик менчиктеги мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын эмнеден улам каза болгону айтылды

admin

Екатеринбургдан Ысык-Көлгө биринчи каттам менен 82 жүргүнчү учуп келди 

admin

Онкология борборунда бөлүм башчы, дарыгер жана медайым кармалды

admin

Комментарий