14-апрелге карата аба ырайы

14-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

 Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 айрым учурларда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл өрөөнүндө +13…+18, Нарын аймагында +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана ОШ шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, борбор калаада күндүн табы +20…+22 градуска жетсе, Ошто +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.

Related posts

Завершилась ежегодная республиканская спартакиада по игровым видам спорта на Кубок Председателя ГКНБ КР

admin

ГКНБ задержан мошенник, представлявшийся сыном Камчыбека Ташиева 

admin

ГКНБ задержал владельца стройкомпании «KG ГРУПП» Имамидина Ташова

admin

Комментарий