15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

15-16-майда Кыргыз Республикасына Малайзиянын примьер-министри иш сапары менен келгендигине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:

– «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;

— Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

— «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат. Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Related posts

КР УКМК: Балыкчы шаарында 1,8 гектар жер тилкеси жана мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

 Европа өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

admin

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн бир катар облустарында үшүк жүрөт

admin

Комментарий