Бишкекте жана Сокулукта окуучулар 2 күн онлайн окууга өтөт

25-26-октябрь күндөрү Бишкекте бир катар чоң иш-чаралар өтөрү маалымдалган. Буга байланыштуу Бишкекте жана Сокулуктагы билим берүүчү жайлар онлайн окууга өтөт.

«Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери 25-26-октябрда сабактарды онлайн уюштурууну камсыз кылуусу керек»,- деди Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы Нурзида Касымова маалымат жыйында.

Related posts

Акжол Махмудов Бишкектен батирлүү болду

admin

Кытай менен Кыргызстандын чек арасында 6 баллга жеткен жер титирөө болду 

admin

Сел түшкөн Бишкек-Ош жолунун 374-чакырымы ачылды

admin

Комментарий