15-19-март күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн 

15-марттан 19-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кар көчкү күтүлүп жаткан ашуулар:

❗️Бишкек-Ош унаа жолунун: 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),

198-260 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

❗️Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);

❗️Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чакырымы;

❗️Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымы (Кара-Гөө ашуусу);

❗️Арал — Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чакырымы;

❗️Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);

❗️Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чакырымы (Сөөк ашуусу).

Related posts

Бишкекте чет өлкөлүк жаран кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Милиция маалымат берди

admin

“Күрмөнтү цемент” ишканасынын 93,17 пайыз акциясы мамлекетке өттү

admin

С.Жапаров америкалык чиновниктин тынчсыздануусуна жооп берди

admin

Комментарий