17-февралдан тартып өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстанда 17-февралдан 19-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу АКИpress Кыргызгидрометтин метеорология бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооронова билдиргенин жазды.

«Бүгүнкү божомолдор боюнча аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. 17-18-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн», — деди Дооронова.

Маалыматка ылайык, Чүй өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн түндүктө -11…-16, Бишкек шаарында -11…-13 градуска чейин төмөндөйт. Абанын күндүзгү температурасы түндүктө -8…-13, Бишкек шаарында -5…-7 болушу күтүлөт.

Related posts

Токтогулда жүрөк үшүн алган жол кырсык катталганы маалымдалды

admin

«Куту» кармалды. Ал 1,5 миллион сом алып, из жашырып кетүүгө шектелүүдө

admin

Футбол: Кыргызстан Малайзиядан утулуп калды

admin

Комментарий