18-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

18-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз дээрлик өлкөнүн бардык облустарынын аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.

Related posts

УКМК: Милиция баңги зат менен «подстав» уюштуруп, күнөөсүз адамды каматкан

admin

Бакыт Рысбеков: Равшан Жээнбеков айткандай эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда катаал кыйноолор каттала элек

admin

15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

admin

Комментарий