19-декабрь, бейшембиде, күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, чыгыш тарабынан болгон шамалдыкы 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көл аймагында -1…+4 градус болсо, Нарын жергесинде -1…-6 градуска түшөрү болжолдонду.
Термометр Бишкек шаарында +5…+7, Ош шаарында +6…+8 градусту көрсөтөт.