Казакстандагы үрөй учурган жол кырсыктан 8 Өзбек жараны көз жумду

Казакстандын Актөбө облусунун Маржанбулак айылына жакын Самара-Шымкент унаа жолундагы жол кырсыгынан Өзбекстандын 8 жараны каза болду. Бул тууралуу Polisia.kz жазды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай, каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Toyota-Alhpard үлгүсүндөгү минивен менен кагышкан.

«Кырсыктын кесепетинен минивэндин айдоочусу жана анын жети жүргүнчүсү Өзбекстандын жарандары окуя болгон жерде каза болушкан», — деп айтылат милициянын маалыматында. Кырсык боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталып, экспертизалар дайындалды.

Related posts

Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган алгачкы бейтап ооруканадан чыкты

admin

 Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту

admin

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

admin

Комментарий