19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарындын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Related posts

КР УКМК: КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

admin

Бишкекте “Агро-Диалог 2025” агроөнөр жай форуму өз ишин баштады

admin

Бишкекте апасы 20 жаштагы Диана Токтогулованы издеп жатат

admin

Комментарий