2-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 болушу күтүлөт.

Related posts

Трамп Зеленский Россия менен эпке келүүгө даяр экенин жар салды

admin

Айыл чарба министрлиги Латвия жана Литванын  ветеринардык  жана фитосанитардык  контролдоо пунктары менен таанышты

admin

Кыргызстан боюнча дан эгиндеринин жыйналган аянты 94% түздү

admin

Комментарий