2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

2-февралда түнкүсүн Талас, Нарын, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,

Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот

Related posts

«Мамлекетке алабыз». Ташиев базар ээлерине эскертүү жасады

admin

Гүлнара Баатырова ЭМУнун Борбордук Азия боюнча аймактык директору менен жолукту

admin

Нарында «Кыргыз шырдагы нын эл аралык фестивалы өтөт

admin

Комментарий