Кыргызстанда аба-ырайы качан жылыйт?

Кыргызстанда ызгаардуу суук болжол менен 17-январга чейин созулат. 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 12-январда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Булак: Кабар

Related posts

Кочкордогу окуя боюнча 22 милиция кызматкери жазаланды 

admin

Темирлан Ормуков уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип кармалды

admin

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 101 жашында дүйнө салды

admin

Комментарий