2-октябрга карата аба ырайы

Шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас, Нарын облустарында +16…+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +21…+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +15…+20 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +21…+23, Ош шаарында +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.

Related posts

Лейлекте унаа сатып алган жаран акчасын бербей из жашырган

admin

Бразилиянын түрмөлөрүн иттин ордуна каздар кайтарат

admin

Январдан тарта Илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

admin

Комментарий