2 жыл мурун адам уурдап, андан 20 миң доллар талап кылган шектүү кармалды

Адам уурдоо боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүп алып, акча талап кылуу максатында адам уурдоо фактысы боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Буга чейин, 2020-жылдын декабрь айында шектүү жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү Баткен районунун тургунунан 20 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жабырлануучуну уурдап кеткен. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы аныкталып, УКМКнын унааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талаптарына уурулар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн. Жогоруда аталган жаран качып кетүүгө үлгүрүп, издөөгө алынган.

23-декабрда шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Тоолуу райондордо кар жаайт. 2-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

admin

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 40 миңден ашты 

admin

Түркияда сот имаратына кол салган эркек менен аял жок кылынды

admin

Комментарий