Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди 

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалык суу чыгаруучу скважиналар шаардагы Токтогул, Жеңиш эс алуу парктарына жана Балтагулов көчөсүнө курулуп, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен белгилешкендей, скважиналар аркылуу Токтогул, Жеңиш сейил бактарындагы, Токтогул аллеясындагы, Ленин, Кыргыз Республикасы, Шопоков, Осмонов көчөлөрүндөгү бак-дарактар, гүлдөр суу менен камсыз болуп, арыктар аркылуу сугарыла баштады.

Жогорудагы үч скважина Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке киргизилди. Алдыда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен дагы 5 скважина курулмакчы.

Белгилей кетсек, ушул мезгилге чейин шаардагы дээрлик бардык бак-дарактар жана гүлдөр ичүүчү суу менен атайын унаалардын жана суу түтүктөрдүн жардамында сугарылып келген.

Related posts

Бишкекте кызга күч колдонуп, 98 миң сомун тартып алган шектүү кармалды

admin

Кыргызстандын баардык аймактарында чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жүргүзүлүүдө

admin

УКМК: Ош жана Баткенде баңги зат таратуучу канал аныкталды

admin

Комментарий