20-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусуда түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19

Баткен облуcунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20

Нарын облусунда  түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүзгү  +16…+18° жылуу болот.

Related posts

Бишкекте жаңы №64 автобус каттамы ишке кирди

admin

КР УКМК: «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү

admin

Өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциясы эми акысыз жасалат

admin

Комментарий