2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүлдү 

Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, президенттик администрациянын кызматкерлеринин жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун катышуусунда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди.

«Kумтөр Голд Компани» ЖАКнын казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалыматына ылайык, компания өткөн жылы 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүп, анын 17 тонна 284 килограммын сатуу менен 986 миллион 511 миң доллар киреше тапкан. Ишкана ошондой эле, өткөн жылы мамлекетке 32 миллиард сомдон ашуун салык жана башка төлөмдөрдү төккөнүн билдирди.

Акылбек Жапаров алтын өндүрүүдөн түшкөн киреше элдин муктаждыгы үчүн түзүлгөн социалдык долбоорлорго жумшалышы жана бардык отчеттордун даректүүлүгү болушу керектигин белгиледи. “Кумтөр мамлекетке өткөнгө чейин отчеттор ар кандай айтылып келген. Кен мамлекеттин карамагында болгондон кийин отчеттор так болушу керек. Бул үчүн Директорлор кеңеши дагы көзөмөлдү баштан аяк катуу койгула”, — деди ал.

“Kумтөр Голд Компани” ЖАКсы быйыл 14 тоннадан ашуун алтын өндүрүү планын койгон.

Related posts

26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадилаевдин операциясына 42 миң доллар берди 

admin

Бүгүн Садыр Жапаров 55 жашка толду

admin

Комментарий